«Урмат үйү»

«Урмат үйү» качан ачылган жана кайда жайгашкан?

Бул үй 2019 жылдын сентябрь айында ачылган. Жайгашкан жери Сокулук району.

«Урмат үйүндө» кимдер жашайт?

Кыргызстандын аймактарынан келген, 16 жаштан жогорку, мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар жашайт.

Орун канча адамга ылайыкташкан?

8 айымга ылайыкташкан орун бар.

Убактысы

Жашоочу жылына 2 айдан 6 айга чейин жашай алат.

 «Урмат үйүндө» эмне менен алек болушат?

Айымдар бир чоң үй-бүлөдөй жашагандыктан, үй ичиндеги жумуштарды абалына карата бөлүшүп, ар кимиси өз салымын кошот.

баарыбыз чогуу

  • Тамак-аш жасайбыз
  • Үй жумуштарын аткарабыз
  • Бакчадагы жер-жемишти, гүлдөрдү карайбыз
  • Кол өнөрчүлүк үйрөнөбүз
  • Сабак окуйбуз
  • Майрамдарды, туулган күндөрдү майрамдайбыз
  • Бири-бирибизге жардам берип, алдуубуз алсызыраагыбызды колдойбуз.

Эмнеге жетишкибиз келет?

Мындай жумуштар аркылуу айымдар өз алдынчалыкка үйрөнүшөт. Алар өздөрүн «пайдалуу» сезип, «менин колумдан да көп нерсе келет тура» -деп,

  • өзүн баалаганга,
  • өзүнө болгон ишенимин күчөтүүгө,
  • өз алдынча жашоого, эмгектенүүгө
  • жашоого ыраазы болууга
  • жөндөмдүүлүктөрүн, бир нерсеге болгон кызыгууларын дагы өстүрүүгө,
  • башка адамдар менен таанышып, мамилелешүүнү үйрөнүүгө,
  • убакытты пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө,
  • өздөрүн башкалардай эле коомдун толук кандуу мүчөлөрү катары сезүүсүнө көмөк көрсөтөт.

«Урмат» үйдө кимдер иштешет?

«Урмат үйүндөгү» кыздарды жетектеп, кыздардын жашоосу үчүн күнү-түнү жоопкерчилик алган кызматчы үй-бүлө жана кыздар менен 5 күн бою убакыт өткөргөн эже бар. Алар кыздардын өз алдынча жашоосуна баш-көз болуп, кыздарды ар кандай үй-тиричилик жумуштарда жетектеп, колдоп турат. Кыздар капаланышса же кубанычтары менен бөлүшкүсү келишсе, кыздарга ар тараптан жардам керек болсо, деги эле бардык учурларда кызматчылар кыздар үчүн жардамга даяр турушат.

Жумасына беш жолу Бишкектен мугалим келип, кыздарга жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдөгү жазуу, окуу, саноо сыяктуу керектүү сабактарды өтүп, алар менен кызыктуу убакыт өткөрөт.

«Урмат» үйдө жашоо үчүн канча сом төлөнөт?

Жашоочу ай сайын 3000 сом төлөйт. Анын ичинде: тамак-аш, башка чыгымдар камтылган. Кийим-кечек, гигиеналык буюмдарын жашоочу өзү менен кошо ала келет.