«Үмүт үйү»
«Үмүт үйү» качан ишке кирди жана кайда жайгашкан?
Бул үй 2021 жылдын август айынан баштап жатаканасы менен ачылды. 2018 жылдын апрель айынан ушул убакка чейин күндүзгү борбор катары иштеп келген. Үй Маевка айылында жайгашкан.
«Үмүт үйүндө» кимдер жашайт?
Бишкектен жана ага жакын жайгашкан аймактан келген, 16 жаштан жогорку, мүмкүнчүлүгү чектелген айымдар жашашат.
Үйдө канча айым жашайт?
Негизи 4 адамга ылайыктуу орун бар. Бирок азыркы учурда 7 айым жашайт.
Убактысы
Жашоочулар «Үмүт үйүндө» дүйшөмбү күндөн жума күнгө чейин болушат. Дем алыш күндөрү үйлөрүндө болушат.
«Үмүт үйүндө» эмне менен алек болушат?
Айымдар бир чоң үй-бүлөдөй жашагандыктан, үй ичиндеги жумуштарды абалына карата бөлүшүп, ар кимиси өз салымын кошот. Бири-бирибизге жардам берип, алдуубуз алсызыраагыбызды колдойбуз.
баарыбыз чогуу
- Тамак-аш жасайбыз
- Үй жумуштарын аткарабыз
- Кол өнөрчүлүк үйрөнөбүз
- Сабак окуйбуз
- Майрамдарды, туулган күндөрдү майрамдайбыз
Эмнеге жетишкибиз келет?
Мындай жумуштар аркылуу айымдар өз алдынчалыкка үйрөнүшөт жана алар өздөрүн «пайдалуу» сезип, «менин колумдан да көп нерсе келет тура» -деп,
- өзүн баалаганга
- өзүнө болгон ишенимин күчөтүүгө
- өз алдынча жашоого, эмгектенүүгө
- ыраазычылыктарын жогорулатууга
- жөндөмдүүлүктөрүн, бир нерсеге болгон кызыгууларын өстүрүүгө
- башка адамдар менен таанышып, мамилелешүүнү үйрөнүүгө
- убакытты текке кетирбей, пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө
- өздөрүн башкалардай эле коомдун толук кандуу мүчөсү катары сезүүсүнө көмөк көрсөтөт.
«Үмүт үйдө» кимдер иштейт?
«Үмүт үйүндөгү» кыздарды жетектеп, алардын жашоосу үчүн күнү-түнү жоопкерчилик алган, алар менен иштегенге каалоосу чоң кызматчы эки эже бар. Эжелер кыздардын өз алдынча жашоосуна баш-көз болуп, кыздарды ар кандай үй-тиричилик жумуштарда жетектеп, колдоп турушат. Кыздар капаланышса же кубанычтары менен бөлүшкүсү келишсе, кыздарга ар тараптан жардам керек болсо, деги эле бардык учурларда кызматчы эжелер кыздар үчүн жардамга даяр турушат.
«Үмүт үйдө» жашоо үчүн канча сом төлөнөт?
Жашоочу ай сайын 3000 сом төлөйт. Анын ичинде: тамак-аш, башка чыгымдар камтылган. Кийим-кечек, гигиеналык буюмдарын жашоочу өзү менен кошо ала келет.