Биз жөнүндө
«Жашоо шамынын» негизги иштери
«Жашоо шамы» коомдук уюму 2018 жылы, апрель айында түптөлгөн. Ал 16 жаштан жогорку, мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарга «Үмүт» жана «Урмат үйүндө» жашоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
«Жашоо шамынын» максаты:
Жашоого багыт берип, өз алдынчалыкка кадам таштоо
Мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарды ар тараптан колдоо
Биздин негизги максатыбыз мүмкүнчүлүгү чектелген айымдарды кандай оору менен жабыркаганына карабастан инсан катары кабыл алуу. Адамдын жетишпеген жагына көңүл бурбастан, тескерисинче анын жөндөмдүүлүктөрүн, бир нерсеге болгон кызыгууларын өстүрүп, өзүнө болгон ишенимин күчөтүп, коомго аралаштыруу.
Айымдар күнүмдүк жашоосунан бир аз сыртка чыгып, башка адамдар менен таанышып, чогуу жашоону, ошол эле учурда өз алдынча тиричилик кылганды үйрөнүп, жаңы тажрыйбалар аркылуу өз жашоосуна жаңы өзгөрүүлөрдү киргизишет.
Ата-эненин, жакындарынын түйшүгүн жеңилдетүү же жабыла көтөргөн жүк жеңил болот
«Жашоо шамы» мүмкүнчүлүгү чектелген айымды карап, ага кам-көргөн ата-эненин жана жакындарынын түйшүктөрүн жеңилдетүүнү каалайт. Көпчүлүк учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамды караган үй-бүлөдөгү ата-эненин, жакындарынын күндөлүк жашоосу жеңил эмес. Ошол себептен үй-бүлөлөрдү колдоо катарында майыптыгы бар айымдарга кошо кам көрөт.
Коомго аралашуу
Биздин максатыбыз эмне себептен улам майыптыгы бар болуп калган деп териштирип отурбастан, канткенде адамдын жашоосун андан ары оңоюраак, жеңилирээк кылсак болот, деп изденүү.
Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да мектепке барууга, өзү каалаган кесипке ээ болууга, үй-бүлө курууга, коомдо эркин жашоого укуктуу.
«Жашоо шамынын» түптөлүшү:
Үй-бүлөдөгү муктаждык
«Жашоо шамы» уюмунун негиздөөчүсү – Фарида (44 жашта). Анын сиңдиси көп жылдар бою эпилепсия менен ооруп, бул диагнозго токтоп, ошого жараша дарылануу үчүн алардын үй-бүлөсү көптөгөн таштак жолдорду басып өткөн. Бир нече жылдардан кийин, бир-тууганы өз алдынча жашаганга үйрөнө баштайт. Сиңдисинин жашоо-турмушу жеңилирээк болсо, коомго аралашса, достору көбөйсө, өз алдынча тиричилик кылганды үйрөнсө, бир нерсе менен алек болуп, күндөлүк жашоосу кызыктуураак болсо деген каалоосу чоң болгон.
Тилекке каршы кыргыз тилиндеги, ылайыктуу, чогула турган жай издеп журүп, таппайт. Көйгөйдү кантип чечсек деп, өз алдынча изденип жүрүп, «жок» деп эле алакан жайып отура берсе өзүнөн өзү пайда болбостур, андан көрө «жоктон бар кылалы», бизге окшош жардамга муктаж адамдар, үй-бүлөлөр болсо, аларга да кол-кабыш кылалы, коомго кичине да болсо салым кошолу деген максатта ушул уюм түптөлгөн.